Дело «баткенского олигарха». Бывший чиновник пожаловался на Ыдырыса Исакова
Бывший глава Жаны-Жерского айыл окмоту Лейлекского района Турабай Бостонов, которого в Жогорку Кенеше назвали «баткенским олигархом», обратился в Комиссию по жалобам на СМИ. Об этом сообщается на странице организации в Facebook.
Отмечается, что Турабай Бостонов пожаловался на журналиста Ыдырыса Исакова. Он указал, что видеоматериалы «Баткенский Березовский», «Бардак, накрывший Баткен», опубликованные в YouTube, односторонние и нанесли урон его чести и достоинству.
«Репортажу необходимо дать правовую оценку. По каждому указанному факту я готов ответить, показать документы», — добавил Турабай Бостонов.
Комиссия намерена рассмотреть жалобу на ближайшем заседании.
Ранее журналист Ыдырыс Исаков провел расследование о бывшем главе айыл окмоту Турабае Бостонове, его имуществе и родственных связях с местными чиновниками и представителями прокуратуры. Главы Жаны-Жерского айыльного кенеша Саатбек Эгембердиев и Бешкентского айыл окмоту Бекжан Жалилов дали интервью и рассказали о нарушениях со стороны Турабая Бостонова. По их словам, бывший глава айыл окмоту присвоил несколько объектов.
На заседании Жогорку Кенеша депутат Балбак Тулобаев потребовал от президента Садыра Жапарова и генпрокурора Курманкула Зулушева отреагировать на информацию о бывшем чиновнике, назвав его новым «олигархом Баткена». Позже Генеральная прокуратура начала проверку информации. По ее результатам с занимаемых должностей освобождены прокуроры Баткенской области, Лейлекского района и Сулюкты.
Журналист Ыдырыс Исаков УКМКга суракка чакыртылды
Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков бүгүн, 27-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаарындагы бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул тууралуу «Т-Медиага» журналист өзү билдирди.
Атайын кызматтан ал Финполдун Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Айбек Токоевдин ишине күбө катары маалымат берерин айтышкан.
«Бишкектен Токоевдин ишин тергөө боюнча атайын топ келген экен. Мага чалып: «Сиз каяктасыз, чакырууну кайсыл жерге алып барып берели?» дешти. Мен айылда элем. Саат беш-алтыларга өтмөк болдум».
УКМК журналист Ыдырыс Исаковдун суракка чакыртылышы боюнча азырынча комментарий бере элек.
Айбек Токоев Финполицияга кызматка орношкондон бери жакындары тездик менен байып, Бишкек жана Ош шаарларынан кыймылсыз мүлк алганын алгач журналист Ыдырыс Исаков иликтеп чыккан. Андан кийин ишти УКМК сотко чейинки териштирүүгө алган.
Журналист Ыдырыс Исаков УКМКнын башкы кеңсесине суракка чакырылды
Ош шаарында жашаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкектеги борбордук кеңсесине суракка чакырылды. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна 1-февралда билдирди:
«Эртең саат жетиге барып калышым керек экен. Бул катты мага УКМКнын Оштогу башкармалыгы 14:00дө берди. Кайсы иш боюнча экенин айтышкан жок. Бул жерде «Эгер барбасаңыз ЖПКнын 121-беренесинин негизинде мажбурлап алып баруу чарасы колдонулат» деп жазылып турат. Мажбурласа мажбурлап алып барсын. Бишкекке баргыдай акчам жок, азыр».
Буга чейин Ыдырыс Исаков УКМКнын Ош шаарындагы бөлүмүнө күбө катары 27-январга суракка чакырылган. Мурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Ош облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Айбек Токоевдин иши боюнча күбө катары чакырылганы кабарланган. Исаковдун айтымында, анда чакыруу телефон аркылуу болгон жана сурак болгон эмес.
«Мыйзамсыз баюу»: Кармалган аткаминерлер
Журналист буга чейин Айбек Токоевге жана анын жакындарына таандык деген мүлк тууралуу иликтөө жасаган. Иликтөө коомчулукта талкуу жараткан.
УКМК Токоевге карата кылмыш ишин козгогону 19-январда белгилүү болгон. (MrA)