Кызсайкал Кабылова биография Канча Жашта

Кызсайкал Кабылова биография Канча Жашта

№872 18-24 июль, 2019-жыл

Өткөн сандарыбызда ырчы Кызсайкал Кабылова маек берип, жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүн айткан эле. Кыргыздар бирөөнүн жашоосун талкуулаганга келгенде алдыга киши салбайбыз да, түрдүү талкуулар болду. Теманы улай ырчынын мурунку жолдошу Эрнис Айдаралиев менен маектештик. Каарманым модель, актёр, жеке ишкер жана эң негизги статусу ата экенин айтып берди.

– Эрнис, кыргыз коомчулугу жигиттин модель болгонуна жатыркоо менен, кээде шектүү карашат, бул кесипке кантип ээ болуп калдың?

– Башында спорт менен алек болуп жүрдүм. Самбо, грэпплинг менен машыкчумун. Спорт залда машыгып жүргөн учурумда моделдик агенттиктин биринен сунуш түшүп калды, бардым. Мага бул кесипти түшүндүрүп беришти. Ал жылдары модель эле эмес, профессионалдуу сүрөткө түшүү деген эмне экенин билчү эмесмин. Макул болдум. 9-класста окуган балага, биринчиден, кызык болду, экинчиден, акча төлөп бере турган болушту. Көпкө чейин кесипти жакшы түшүнө албай жүрдүм. Модель десе эле сөзсүз жарым жылаңач болуп сүрөткө түшүү деп элестетпеш керек. Мисалы, кыргыздын улуттук кийимин кийгизип түшүрүп элге жайылтса болот. Мен эч качан өбүшүп, кучакташып, жарым жылаңач сүрөткө түшкөн эмесмин, түшпөйм дагы. Эч бир жерде окуган жокмун, бул чөйрөдө деле көпкө иштей элекмин. Мен үчүн моделдик – хобби. Анын аркасынан клиптерге тартылууга сунуштар түшүп калды. Мага көбүнчө актёрдук жагат. Ал эми чыныгы багытым, нан таап жеген кесибим – ишкердик. Моделдик чөйрөдө клиптерге тартылып жүрүп, байкасам, баары эле сапаттуу костюм издешет экен. Идея ошол жактан жаралып, костюм саткан дүкөн ачтым.

– Интернет жашообузду бийлеп алды десек болот, сенин жашооң канчалык социалдык баракчаңа байланган?

– Азыр баракчадагы катталуучулардын санына карата аброй күтүп калган заман. Ошого карап деле мамиле түзүлчү болду. Бир убакта менин Инстаграмдагы баракчамды бузуп кетишкен. Ишенсеңиз, жанымда эле жүргөн адамдар жок болуп кетишти. Анда жаш жигит болчумун, ушунчалык катталуучуларымды көбөйткүм келди, бир күндө 3-4 сүрөт киргизип калдым. Атайы эл көбүрөөк көңүл бура турган сааттарда сүрөт киргизчүмүн. Ошентип топтогом. Азыр бул оору менен оорубайм. Бирок мен деле эл катары көз карандымын.

– Кандай үй-бүлөдө туулуп-өстүң?

– Карапайым эле үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам Алайдан, апам Өзгөндөн болот. Мен ата-энемдин биринчи уулумун, менден кийин иним жана карындашым бар. Ошол жылдары кыргыздын баары эле чет жакка иштеп кетишпеди беле, апам менен атам мени таенемдин колуна таштап коюп, чет өлкөгө иштеп кетишкен. Балалыгым таенемдин колунда өттү. Кийин келип жеке иш баштап, ата-энем азыр ошол иштери менен алек. 1 жашымдан 8 жашыма чейин таенемдин колунда өстүм. Кийин ата-энем Бишкекте жашап калды, алардын колуна келдим.

Спорт менен машыгып калганыма Алмаз деген таякем себеп болду. Кичине кезимде эле мага өзү билгендерин үйрөтүп, бир жыл машыктырды. Андан кийин спорт залга алып барды. Такси ал кезде 5 сом эле. Кароол деген айылдан Өзгөн шаарына барып машыгып турдум. Башында грек-рим күрөшү менен машыгып, анан самбого өттүм. Кийин грэпплингден катуу жаракат алып, токтотууга аргасыз болдум. Анын үстүнө үйлөнүп да калдым. Адатта мектептен кийин жогорку билим алуу керек го, мен көп жерлерге барып окуганга аракет кылдым, бирок ал жактан ийгилик жарата албадым. Кесипке ээ болуш керек деп өзүмдү көп эле кыйнадым, бирок болбоду. Көбүрөөк спортко кызыгып туруп алдым.

– Кел, эми Кызсайкал тууралуу сүйлөшөлү.

– Кызсайкал 17 жашында, мен 18 жашымда таанышканбыз. Таанышканда анын ырчы экенин, атасы Кабыл Бөрүбаев, Мажиттин карындашы экенин билген эмесмин. Кийин билдим. Сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Көбү эле мени “жаш үйлөнүп алып, турмушту билбей ажырашып кетти” деп айтып жатат. Бирок мен ал учурда үй-бүлөнүн жүгүн көтөргөнгө даяр болуп үйлөнгөм. Токтолуп калган, жоопкерчиликти ала турган эле жигит болчумун. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет экен, 1 жыл жашап кыздуу болуп, эки ажырым жолго түштүк.

– Акыркы чекитти ким койду?

– Элдешели деп көп аракет кылдым, бирок болгон жок. Өзүңөр күбө болгондой, 600дөй адамды чакырып той да бергенбиз, ажырашып кетем деген ой такыр болгон эмес. Албетте, оор болду. Чынын айтсам, эзилип жүрө берүүнү туура көргөн жокмун. Акыркы чекитти мен койдум. Көбү эле ушул теманы айтып, сайттар, гезиттер “бул тууралуу комментарий бер” деп тажатып салышты. Мен эч бир учурда Сайкалды жамандабайм. Жакшы кыз, бактылуу болуусун каалайм. Башка эч нерсе дегим келбейт.

– Кызыңдын Кызсайкалдын фамилиясына жазылганына кантип макул болдуң?

– Ушул нерсени баса айткым келет. Менин сиздерге интервью берип отурганымдын бир себеби да кызым. Коомчулук мени талкууласын, Кызсайкалды талкууласын, наристеге тийишпесин. Ушул нерсени тема кылып сайттар, телеканалдар чыгарып жатышат. “Кызсайкал кызынын фамилиясын өзүнө жаздырды” деген темалар толуп кетти. Бул фишка кыла турган нерсе эмес, наристенин жашоосу. Кызсайкал көп нерсени өзүнө-өзү кылып алды, мен кантип фамилиямды кызыма бербей коёюн? Ошто иштерим менен алек болуп жүрүп калдым, алар Бишкекте жашап калышты. Жок жерден эле Кабылова кылып жаздырып алды. Ал менин кызым, фамилиясын өзгөртсө да атасы экенимди эч ким өзгөртө албайт. Көрүп жатсаңар керек, кызым менин көчүрмөм. Ортодо түшүнбөстүк, ызы-чуу болуп жатканда кызыма бара албай калып жаттым. Ал Алфия Айдаралиева эле боюнча калат. Өзүмдүн атыма котортуп алам. Азыр иштеп жаткан нерсемдин баарын кызым үчүн кылып жатам деп ойлойм. Мага эң чоң мотивация берген кызым.

– Кызыңды канча убакыттан бери көрө элексиң?

– Эки-үч ай болуп калды.

– Кызсайкал “жолдошум үйдө отурганымды каалайт” деп мурунку интервьюларында айткан экен, аял кишинин иштегени сен үчүн жат көрүнүшпү?

– Менде аял үйдө отурсун деген принцип жок. Апам деле өз учурунда иштеген, азыр деле иштейт. Бирок азыр моюнга алыш керек, жалкоо эркектер көп болуп кетти, ошол үчүн аялдар жапырт иштеп жатышат. Ошол эле учурда балдар каралбай, күйөөлөрүнө көңүл бурулбай калып жатат. Кээде ошол үчүн деле үй-бүлө бузулат. Мен ошол нерсеге каршымын. Күйөөсү иштесин, аялы балдарын карап, тамак-ашын жасап үйдө болсун. Эгерде күйөөсүнүн акчасы такыр жетпей жатса аялы иштесе болот. Бирок биздин маселе бул нерседен чыккан жок деп ойлойм. Биз болгону эки башка адам экенбиз. Убакыттын өтүшү менен түшүндүк. Мындан ары менде да, анда да баары жакшы болушун каалайм.

– Бул турмуштан сен өзүңө эмне сабак алдың?

– Аял менен күйөө ички маселени бөлмөсүнөн сыртка чыгарбашы керек экен. Ал тургай ата-энеге да билдирбей чечиш керек экен. Кызсайкал өзүнөн-өзү чалынып интервьюларды берип жатты. Элдин талкуусунда калдык, мен да мындан ары жеке жашоомду эч качан элдин назарына койбойм деген чечимге келдим.

– Бизге берген интервьюсунда Кызсайкал сен тууралуу айтып жатып ыйлап жиберди, ошол видеону көргөндө кандай сезим болду?

– Мен көргөн жокмун, ага чейин да анын интервьюларын окучу эмесмин.

– Жашоо бир күнү баарын өз-өз ордуна коёт деп ишенели, ийгилик сага!

Кызсайкал Кабылова: “Сени менен урушканыма эмес, таанышканыма өкүнөм. ”

Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы, ырчы Кызсайкал Кабылова жолдошу Эрнис Айдаралиев менен бир кыздуу болгондон кийин эки ажырым жолго түшүшкөн. Бул чечимин жубайлар “тил табыша албадык” деп түшүндурүшкөн.

Бирок арадан 1 жылдан ашык абакыт өткөнүнө карабай алар интернет баракчалары аркылуу ар түрдүү көңүл ооруткан постторду жазып келишет. Бир туруп өкүнүп жаткандай түр кылса кайра өкүнбөйм деп айтуудан чарчабай келишет. Ал эми алардын күйөрмандары азыр да жубайлардын кайра элдешишин тилеп келишет.

Ага карабай Кызсайкал бир топ адамдын үмутүнө суу сээп жакынкы күндөрдө мыйзамдуу түрдө кызынын фамилиясын Кабылова деп өзгөрткөндүгүн кабарлаган.

Ал эми кечээ баракчасынан:

“Сени менен урушканыма эмес, таанышканыма өкүнөм. ”, -деген билдирүү калтырды.

Анын бул сөзүнө көпчүлүп “сен да бактылуу болосуң” “кызың бар өкүнбө” деген кеңештерин беришти.

Ошол эле учурда Эрнис да:

“Ар кимдин өз чындыгы бар жана ал сенин чындыгың менен төп келбейт. Туурабы?”, -деп суроо салды.

Алар бул постторун кимге арнап жазганын атап айтпаса да, окурандары Кызсайкал менен Эрнис бири-бирине арнап жазып жатат деген тыянакка келип, ар тараптуу кеңештерин берип, акыл айтууга өтүшөт.

Эске салсак, Эрнис Айдаралиев учурда жеке ишкерлк менен ал эми Кызсайкал Кабылова сулуулук салонун иштетүү жана жеке ишкерлик менен алектенишет.

Ырчы Кызсайкал Кабылова атасынын туулган күнүндө унаа белек кылды

Ырчы Кызсайкал Кабылова атасынын туулган күнүнө унаа белек кылды. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

11-мартта атасы куудул Кабыл Бөрүбаевдин 60 жылдык мааркеси өттү. Атасынын кутман курагы менен куттуктап ырчы айым унаа тартуулады.

«Атам өзү жактырып жүргөн тoyota сamry унаасын белек кылдым. Башында элдин көзүнчө ачкычын берейин дегенмин, бирок, анте албадым. Буюрса, Lexus 570 белек кылсам элдин көзүнчө тапшырам. Буюрса, тойду аман-эсен өткөрүп алдык. Жалпы 300 конок чакырган элек», — дейт Кызсайкал.