Бюбюсара Бейшеналиева биография На Кыргызском

Бейшеналиева, Бюбюсара

Бюбюсара Бейшеналиева (кирг. Бүбүсара Бейшеналиева; 17 мая 1926, Воронцовка, Киргизская АССР — 10 мая 1973, Фрунзе) — киргизская, советская балерина, танцовщица, педагог. Народная артистка СССР (1958). Первая балерина Кыргызстана.

Биография

Родилась 17 мая (по другим источникам — 15 сентября и 8 апреля) 1926 года в селе Воронцовка (ныне — Таш-Дёбё в Аламудунском районе Чуйской области) в семье крестьянина. По национальности киргизка.

В 1936 году, в десятилетнем возрасте, вместе с группой киргизских детей была направлена в Ленинградское хореографическое училище (ныне Академия русского балета им. А. Я. Вагановой), где училась под руководством А. Вагановой. Окончила училище в 1941 году. В 1948—1949 годах училась в классе усовершенствования также у А. Вагановой в этом же училище.

Позже артистка вспоминала: «В городе на Неве меня окружили любовью и вниманием. Опытные педагоги, учителя великой Улановой, щедро передавали свои знания мне и другим юным посланцам Киргизии. Они близко принимали к сердцу наши неудачи и огорчения, радовались нашим первым успехам».

Её дебют состоялся в 1939 году на сцене Большого театра во время «Первой декады киргизского искусства и литературы».

С 1941 года — солистка Киргизского театра оперы и балета им. А. Малдыбаева во Фрунзе (ныне Бишкек).

Её партнёром в течение восемнадцати лет был Уран Сарбагишев (1934—2012), народный артист Киргизской ССР.

Выступала на концертах с сольными танцами. Гастролировала по городам СССР и за рубежом.

С 1949 года преподавала во Фрунзенском музыкально-хореографическом училище им. М. Куренкеева (ныне Бишкекское хореографическое училище им. Ч. Базарбаева).

Депутат Верховного Совета СССР 6—7-го созывов и Верховного Совета Киргизской ССР 4-5-го созывов.

Умерла 10 мая (по другим источникам — 11 мая) 1973 года в Бишкеке. Похоронена на Ала-Арчинском кладбище.

Семья

  • Муж — Ахмат Аманбаев (1920—1964) — киргизский композитор, дирижёр, педагог. Заслуженный деятель искусств Киргизской ССР (1963)
  • Сын — Эрмек Бейшеналиев, автор мемуаров.

Награды и звания

  • Заслуженная артистка Киргизской ССР (1947)
  • Народная артистка Киргизской ССР (1954)
  • Народная артистка СССР (1958)
  • Государственная премия Киргизской ССР имени Токтогула Сатылганова (1970)
  • Орден Трудового Красного Знамени
  • Орден «Знак Почёта»
  • Медаль «За трудовую доблесть» (1951)
  • Медали.

Балетные партии

  • 1943 — «Селкинчек» В. Власова и В. Фере — Зайнура
  • 1944 — «Чолпон» М. Раухвергера — Чолпон
  • 1947 — «Раймонда» А. Глазунова — Раймонда
  • 1949 — «Бахчисарайский фонтан» Б. Асафьева — Мария и Зарема
  • 1950 — «Лебединое озеро» П. Чайковского — Одетта-Одиллия
  • 1950 — «Анар» В. Власова и В. Фере — Анар
  • 1953 — «Красный мак» Р. Глиэра — Тао-Хоа
  • 1953 — «Чолпон» М. Раухвергера — Айдай
  • 1955 — «Эсмеральда» Ц. Пуни — Эсмеральда
  • 1956 — «Спящая красавица» П. Чайковского — Аврора
  • 1960 — «Куйручук» К. Молдобасанова и Г. Окунева — Зейнеп
  • 1962 — «Ромео и Джульетта» С. Прокофьева — Джульетта
  • «Асель» В. Власова — Асель
  • «Корсар» А. Аданa — Медора
  • «Весна в Ала-Тоо» В. Власова и В. Фере — Сайра
  • «Франческа да Римини» Б. Асафьевa — Франческа
  • «Большой вальс» И. Штрауса — Фанни
  • «Лауренсия» А. Крейнa — Лауренсия
  • «Дон Кихот» Л. Минкуса — Китри
  • «Болеро» на музыку М. Равеля — Солистка

Фильмография

  • 1959 — «Чолпон — утренняя звезда» (фильм-балет) — Айдан.

Интересные факты

Как утверждает сын Б. Бейшеналиевой Эрмек, родилась балерина 8 апреля 1926 года. После развода с мужем, композитором Ахматом Амамбаевым она поменяла паспорт, где была указана дата рождения — 17 мая. Это был день рождения Эрмека. Мать это сделала специально, так как хотела, чтобы у них был один общий праздник. Настоящее её имя — Бибисара, но в паспорте указано — Бюбюсара, так как все её только так и звали.

Память

  • С 11 апреля 1994 года на территории Киргизии введена в обращение банкнота номиналом 5 сом с изображением Б. Бейшеналиевой.
  • Именем балерины названа улица в Бишкеке.
  • Имя Б. Бейшеналиевой присвоено Кыргызскому государственному институту искусств.
  • В Бишкеке, рядом с театром оперы и балета, балерине установлен памятник.
  • Истории любви Б. Бейшеналиевой и писателя Ч. Айтматова посвящена пьеса драматурга Ж. Кулмамбетова «Чингиз и Бюбюсара» и снятый по ней одноименный художественный фильм.
  • Авиакомпания Air Manas дала имя Bubusara одному из своих самолетов в честь Бейшеналиевой

Бюбюсара Бейшеналиева биография На Кыргызском

БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА

Кыргыз элинин туңгуч балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева элибиздин муундан-муунга сакталып калган түбөлүктүү чыгармалары боюнча жүрөк кылдарын титиреткен ролдорду жаратып кетти. Жагымдуу жүзү, жандүйнөсү, таланты шайкеш келген балеринанын бул дүйнө менен коштошконуна ушул жылдын 11-майында 35 жыл толду. Шум ажал арабыздан сууруп кетпегенинде Бүбүсара 17-майда 82 жашка чыкмак . Албетте, элибиздин мындай таланттары эч качан унутулбайт.

КЫРГЫЗДЫН КАЙТАЛАНГЫС КЫЗЫ
Кыргыз элинин маңдайына бүткөн тубаса талант Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы Аламүдүн районуна караштуу Ташдөбө айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң 1936-жылдан 1941-жылга чейин Ленинград шаарындагы хореографиялык окуу жайында окуган. Окуусун аяктагандан кийин Фрунзе шаарына келип, Опера жана балет театрында башкы солистка болуп эмгектенет. Бейшеналиева ушул жылдар аралыгында В.Фере менен В.Власовдун “Селкинчек” аттуу балетинде Зайнуранын ролун аткарып, бийге болгон жөндөм­үн көрсөткөн. Анын сахнадагы чыгармачылык ийгилиги 1944-жылы 30-декабрда коюлган М.Райхвергердин “Чолпон” балетинде Чолпондун образын түзүүдө байкалган. Ушул ролдон кийин чеберчилигин көрсөтүп, андан башка спектаклдердеги кейипкерлердин ролун аткарууга укук алган.
1948-жылы Ленинграддагы өзү окуп бүткөн окуу жайдын өнөр арттыруу классында балет педагогу Вагановадан таалим алат. Бул окуусунан кийин кайрадан мекенине кайтып келип, Опера жана балет театрында жа­на хореографиялык окуу жайында 32 жыл эмгектенет.
Бүбүсара улуттук жа­на классикалык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөз­дөгү образдарды жараткан. Ал классикалык бийлердин техникасын мыкты өз­дөш­түрүп, образдарды те­рең ачып бере алган. Бийчинин катышуусу менен тартылган “Чолпон” фильм-балети дүй­нө­нүн төрт бурчуна көрсөтүлүп, көрүү­чүлөрдүн зор кызыгуусун туудурган.

ЖАШОО ШАМЫ
Аккуу сымал сахнанын көркүн ачкан Бүбүсара искусство чөйрө­сүнүн адамы болгон композитор Акмат Аманбаевге турмушка чык­­кан. Аны менен 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болгон соң ортодогу тү­шүн­бөстүк­төр­дөн улам ажырашып кетет. Андан кийин тагдырдын тайкүлүк ташы чыгармачылыктан алыс адамдын жубайы болууга алып келет. Бирок, бул адам менен да балеринанын жашоосу узакка созулган эмес.
Ошентип, бүт өмүрүн кыргыз искусствосуна арнап, кыргыздын таланттуу жаштарына жол көрсөт­көн балерина улуу небересин көрүп, асылган оорунун азабынан 1973-жылы 47 жашында дүйнөдөн кайткан.

БҮБҮСАРА МЕНЕН ЧЫҢГЫЗДЫН СҮЙҮҮСҮ
“Кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов балерина Бүбү­сараны сүйүп­түр” деген учу-кыйыры жок сөз эл арасында айтылып келген. Айтматов бул айтылган сөздөр­дү казак жазуучусу Мухтар Шаханов менен биргеликте жазган “Аскада калган аңчынын ыйы” деген китебинде бардыгын ачык-айкын белгилеп өткөн. Чыңгыз балеринага болгон ашыктыгын китебинде мындайча эскерет: “Бүтүндөй келбети менен бүт эркимди бийлеген, шоо­ла чачкан махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Атайын издеп табышканыбыз жок. Капыстан табыштык. Ошол кү­түл­бөгөн кездешүү мен үчүн өмүрүмдө бард­ык максаттардан да бийик, ыйык эле. Ал кыргыз искусствосунун чолпон жылдызы, атактуу бий­чи Бүбү­сара Бейшеналиева болчу.
«Балтика флотунда аскердик кызмат өтөп жүрүшкөн кыргыз жигиттерине шефтик жардам көр­сөтүп кайталы» деген ойдо делегация топтолду. Пар­тиянын Фрунзе шаардык комитетинин ошол кездеги биринчи катчысы Турдакун Усубалиев мени чакырып алып: “Делегациянын тобуна кошулуп алып Ленинградга жүр, аскер-суучулдарына сый-сыпатыбызды көрсөтүп кайталык”,- деген соң кошо аттанып кеттим.
Көптөгөн кызыктуу жолугушууларды өткөрдүк. “Чолпон” балетинде башкы ролду аткарып жүргөн Бүбүсара Бейшеналиеваны ошол жерде алгач ирет жандадым. Муну тагдырдын жазмышы экенин кийин туйдум”.
“Ошол кезде Айтматовдун үйбүлө­сү­ бар беле?” деген суроо окурмандарыбызда пайда болбой койбосо керек. Муну жазуучу мындайча баяндайт: “Ленинграддын ак түндөрүнө чөмү­лө Нева бойлой кыдырган, армансыз сырдашкан ошол күндөр, ай! Үйдө калган жеңең менен эки бала да таптакыр эстен чыккандай ажайып бир бал доор­ду баштан өт­көрдүк”.
Ленинграддагы жолугушуудан кийин эки таланттын ортосунда жылуу мамиле пайда болот. Ошентип, ал күндөр­дөн баштап балерина көз жумганга чейинки 14 жыл аралыгында алоолонгон жүрөк­төр­дүн оту өчкөн эмес. “Экөө бири-бирин сүйүш­сө, анан эмнеге чогуу түтүн булатышкан жок?” деген суроо да пайда болбой койбойт эмеспи.
“Бир жолу обочо отуруп сырдашканыбызда Бүбүсара: «Ачинов, (фамилиям менен атымдын алгачкы ариптеринен коюп алган ысымы) оюңду билип турам,- деп наздана күлүмсүрө­гөнү менен жүзүндө сулууларга таандык үлбүрөгөн муңайым турду.- «Чыныгы ашыктар кошулушпайт» деген кеп бар го. Балким, ушул туура чыгаар”,- деди ойлуу калыбында. — Анткени, үйлөнгөндөн кийинки тиричиликтин түйшүгү улуу аруу сезимдерди жеп жиберет. Махабатыбызды никеге байлап не кылабыз. ”
Ушундай балеринанын сунушунан улам сүйүшкөндөр кол кармаша бирге түтүн булатышпаса да эң бактылуу, эң ыйык, тунук сезимдердин аруулугуна бөлөнүп жүргөн күн­дөрдүн биринде балерина ооруп калат. Бул боюнча Айтматов китебинде төмөндөгүчө эскерет: “Ал кайсы бир жактан “оорудум” деп келген. Көп өтпөй көкүрөгүнөн башталган коркунучтуу шишик диагнозу менен Орусиядагы Кунцова ооруканасында жатты. Бир жарым жыл катуу кыйналды. Айтуунун өзү оңой эмес. Бара-бара Бүбүсара ал-күчтөн тая берди. Ордунан турууга да алы келбейт. Акыры абалы бир топ оордоп калган соң Бүбүсараны Фрунзенин ооруканасына которушту. Иш­те да чыдап отура албай сарсанаа болуп утур-утуру оору­кананы айланчыктайм. Тагдырдын катаал өкүмүнө аргасыздан моюн сунуп жатса да, мен кирип келгенде Бүбүсаранын нуру өчкөн жамалына билинээр-билинбес жылмаюу пайда боло калаар эле. Балким, жанын кемирип мүлжүгөн мындай оор дартты мага сездиргиси келбегени, дегеле “ушул кейибесинчи” деп мени аяганы болсо керек. Акыры 1973-жылы бугу айынын он биринде Бүбүсара түбөлүк көз жумду”.
Кыргыздын атын кыйла журтка тааныткан атактуу бийчинин көз жумушу бүтүндөй кыргыз элине оор кайгы алып келди. Ошондо “мындай талант эми кайрадан жаралабы, жаралбайбы?” деген суроого жооп издегендердин саны арбын эле. Бул жоготуунун өзү Айматовго чоң сокку болгону туурасында ушул эле “Аскада калган аңчынын ыйы” китебинде казак жазуучусу Мухтар Шаханов төмөн­дөгүчө жазат: “Опера жана балет театрындагы азалуу жыйындагы маркум менен коштошуу учурунда сизди кунунан-куну чыгып, өзүн-өзү кармай албай таза бир ботодой боздоп ыйлады”,- дешет көргөн­дөр. Такыр эле чыдамы тү­гөнгөн ошол кездеги республиканын жетекчилеринин бири: “Ой, тигиге бирөөң барып кой деп койсоңорчу”,- деп айланасындагыларды жекирген экен.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Сүйүнбай Эралиевдин ушул азалуу жыйын жөнүндө минтип айтканы эсимде калыптыр.“Бүбүсара көркүнө акыл-эси, дүйнө таанымы шай, кыргыз кызына таандык асыл мүнөздөр тал чыбыктай буралган келбетине бүткөн, маңдайы жарык, өзгөчө бир алпейим жан эле. Учурунда башка акындардай мен да ага арнап ыр жазгам. Анын каза болушу мүлдө кыргыз журтчулугунун кабыргасын кайыштырды. Адабият менен искусство ишмерлеринин арасында «дүрт» этип алоолоп жанган от көңүлдөн сырткары калмак беле? Чыңгыз экөө­нүн ортосунда узак жылдар бою үзүлбөй келаткан улуу махабат, мөл­түр сезим бар экенин алдыртан сезип жүргөнбүз. Бүбүсараны акыркы сапарга узатаар азалуу жыйынга Чыңгыздын эки көзү көнөктөй болуп шишип, башынан аягына дейре кара кийимчен келди. Айрымдар анын мындай мамилесин такыр эле ыксыз көрүп: “Аялы, бала-чакасы туруп мунусу эмнеси?”- дешип кү­бүрөп-шыбырап жатышты. Өзүм болсо: “Айланайын Чыңгыз адабиятта кандай улуу болсо, махабатын жерге берээрде да ошондой улуу, чыныгы жигиттигин көр­сөт­тү”,- деп төбөм көккө жетип турду”.

СҮЙҮҮДӨН БҮТКӨН ПЬЕСА
Айтматов менен Бүбүсаранын сүйүүсү туурасында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаныш Кулмамбетов “Чыңгыз менен Бүбүсара” пьесасын жазган эле. Спектакль боюнча авторго кайрылганыбызда, ал төмөндөгүлөргө токтолду.
– Экөө­нүн сүйүүсү жөнүндө эл оозун­да бир топ сөздөр айтылып жүргөн. Айтматов өзү “Аскада калган аңчынын ыйы” китебинде анын баарын ачык жазгандан кийин мен да ошол уккандарымды кошуп жазайын деп бел байладым. Менин жазып жатканымды жазуучунун карындашы Роза Айтматова уккан экен. Келип, “көргөз” деди. Андан кийин Чыңгыз ага өзү да окуп көрүп: “Мунун баарын кайдан билесиң?”- деп сурады. “Бул жазгандарым эл оозунда айтылып жүрөт”,- дегем. Ошентип, бул спектакль 2005-жылы биринчи жолу коюлду. Азыр да көрүү­чүлөргө тартууланып жатат. Айтматов мага “Бейшеналиеванын баласын ээрчитип келип көрөм” дегени менен азырынча көрө элек.

Улуу таланттын өзү арабызда жок болсо да анын жаркын элеси эл жүрөгүндө сакталат. Анын ысымы Искусстово институтуна, улуттук валютага жана Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылган. Андан сырткары, балеринанын айкели Кыргыз Опера жана балет театрынын алдына орнотулган.

Бүбүсара чет элдик балет-спектаклдеринде Раймонда, Жульетта, Лауренсия, Одетта, Эсмеральда, Китри, Авроралардын ролдорун аткарган. Ал эми кыргыздын “Анар” балетинде Анардын, “Алатоодогу жазда” Сайранын, “Куйручукта” Зейнептин, “Аселде” Аселдин, “Чолпондо” Чолпон менен Айдайдын образдарын жараткан.

Атактуу балерина 1954-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти, 1970-жы­лы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон. Андан сырткары, Эмгек Кызыл Туу ордени, “Ардак белгиси” медалы менен сыйланган.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Бүбүсара Бейшеналиева — өмүр баяны

1936-41-жылдары Ленинград хореографиялык окуу жайында билим алган.

Эмгек жолу:

  • 1941-жылы — Опера жана балет театрынын солисти;
  • 1949-жылдан тарта Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын педагогу;
  • 1955-1962 — Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты;
  • 1962-1970 — СССР Жогорку Советинин депутаты;

Балеттик партиялары:

  • 1943 — «Селкинчек», Зайнура;
  • 1944 — «Чолпон», Чолпон;
  • 1947 — «Раймонда», Раймонда;
  • 1949 — «Бахчисарай фонтаны», Мария жана Зарема;
  • 1950 — «Ак куулар көлү» Одетта-Одиллия;
  • 1950 — «Анар», Анар;
  • 1953 — «Кызыл кызгалдак», Тао-Хоа;
  • 1953 — «Чолпон», Айдай;
  • 1955 — «Эсмеральда», Эсмеральда;
  • 1956 — «Уктап жаткан сулуу», Аврора;
  • 1960 — «Куйручук», Зейнеп;
  • 1962 — «Ромео жана Жульетта», Жульетта;
  • «Асел», Асел;
  • «Корсар», Медора;
  • «Ала-Тоодогу жаз», Сайра;
  • «Франческа да Римини», Франческа;
  • «Чоң вальс», Фанни;
  • «Лауренсия», Лауренсия;
  • «Дон Кихот», Китри;
  • «Болеро» музыкасына солист.

Сыйлыктары:

1947-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1954-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, ал эми 1958-жылы СССР эл артисти наамын алган. 1970-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.

Мындан тышкары, Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөсү:

Композитор Акмат Аманбаевге турмушка чыгып, 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болушкан.

1973-жылы 11-майда каза болуп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

1994-жылдын 11-апрелинен тартып өлкөдө 5 сомдук номиналда Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтү түшүрүлгөн. Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көчө бар. Бийчинин аты Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна берилген. Ордо калаадагы Опера жана балет театрынын алдына эстелиги орнотулган.